1. Жалпы жоболор

1.1. Ушул Купуялык саясаты (мындан ары – Саясат) жеке ишкер Коёналиев Айбек Жоошбекович (мындан ары – Оператор) тарабынан https://bosogo.kg сайты (мындан ары – Сайт) аркылуу чогултулуучу жеке маалыматты, аны сактоо мөөнөтүн, иштетүү, үчүнчү жактарга өткөрүп берүү тартибин аныктайт.

1.2. Ушул Саясатта жөнгө салынбаган бардык маселелер Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык чечилет.

1.3. Сайттын функцияларын колдонуу жана/же Оператордун Офертасын кабыл алуу – ушул Саясатка макулдук билдирүү деп эсептелет.

1.4. Жеке маалыматты чогултуунун, иштетүүнүн жана сактоонун мыйзамдуу негиздери:
– Сайт колдонуучусунун макулдугу;
– келишимдик милдеттенмелер;
– Оператордун мыйзамдуу таламдары;
– Кыргы Республикасынын мыйзамдарынын талаптары.

2. Жеке маалыматты чогултуу жана иштетүү максаттары

2.1. Жеке маалыматты чогултуу жана иштетүү ушул Саясатта белгиленген максаттарда гана жүргүзүлөт.

2.2. Төмөнкүдөй жеке маалымат төмөнкүдөй максаттарда чогултулат жана/же иштетилет:

Максат Жеке маалымат
Буйрутманы кабыл алуу, жеткирүү – буйрутма
– жеткирүү дареги
– телефон номери
– электрондук почта (берилсе)
Сайттын ишин жана коопсуздукту камсыз кылуу – IP-дарек
– түзмөктүн тиби
– браузер тууралуу маалымат
– Cookie файлдары
Жеке маалыматты анонимдештирүү (ээсиздендирүү) – буйрутмалар
– жеткирүү даректери
– түзмөктөрдүн типтери

3. Жеке маалыматты сактоо мөөнөтүү

3.1. Ушул Саясатка ылайык анонимдештирилүүгө (ээсиздендирилүүгө) тийиш эмес жеке маалыматты иштетүүгө жана/же сактоого мыйзамдуу негиз жок болгондо жок кылынат.

3.2. Ушул Саясатка ылайык анонимдештирилүүгө (ээсиздендирилүүгө) тийиш жеке маалымат аны иштетүүгө жана/же сактоого башка мыйзамдуу негиз жок болгондо анонимдештирилет (ээсиздендирилет).

4. Жеке маалыматты үчүнчү жактарга өткөрүп берүү

4.1. Ушул Саясатта белгиленген максаттарда жеке маалымат жеткирүү кызматтарына, төлөм операторлоруна жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда – мамлекеттик органдарга өткөрө берилиши мүмкүн.

5.1. Cookie файлдары ушул Саясатта белгиленген максаттарда колдонулат.

5.2. Колдонуучу Cookie файлдарын колдонуудан баш тартуу же ал файлдарды өчүрүү Сайттын айрым функцияларынын туура эмес иштешине алып келиши мүмкүн экенин түшүнөт.

6. Сайт колдонуучусунун укуктары

6.1. Сайт колдонуучусу төмөнкүлөргө укуктуу:
– өзүнүн жеке маалыматын иштетүү фактысын ырастоону алууга;
– өзүнүн жеке маалыматына жетүүгө;
– өзүнүн жеке маалыматын жок кылууну талап кылууга;
– өзүнүн жеке маалыматын иштетүүгө берилген макулдугун каалаган убакта кайтарып алууга.

6.2. Жеке маалыматты жок кылуу талабы b@bosogo.kg электрондук почтасына кабыл алынат.