1. Жалпы жоболор
1.1. Ушул документ (мындан ары – Оферта) жеке ишкер Коёналиев Айбек Жоошбековичтин (мындан ары – Сатуучу) ушул Офертанын шарттарына ылайык https://bosogo.kg сайтында (мындан ары – Сайт) келтирилген товарларды Сайт аркылуу сатып алуу боюнча ачык офертасы.
1.2. Сайтта келтирилген товар тууралуу, төлөө тууралуу, жеткирүү тууралуу жана башка олуттуу шарттар тууралуу маалымат ушул Офертанын ажырагыс бөлүгү.
1.3. Ушул Оферта жеке жактарга (мындан ары – Сатып алуучу) багытталган.
1.4. Сатып алуучу буйрутма үчүн төлөгөндүгү Офертанын акцепти (кабыл алуусу) катары эсептелет.
2. Буйрутманы тариздөө
2.1. Байланыш, буйрутма кабыл алынгандыгы (келгендиги), иштетилип жаткандыгы, жөнөтүлгөндүгү тууралуу кабарламаларды жөнөтүү, сатып алынган товарды жеткирүү Сатып алуучу Сайт аркылуу бурутманы тариздөө учурунда берген маалымат боюнча ишке ашырылат.
2.2. Сатып алуучу берген маалыматтын тактыгы, аныктыгы, толуктугу үчүн жооптуу.
2.3. Сатып алуучу товарды жеткирүү дареги катары Кыргыз Республикасындагы даректи көрсөтүшү керек.
2.4. Сатып алуучу буйрутма берүү үчүн электрондук почтаны көрсөтүү талап коюлбаганын, бирок электрондук почта көрсөтүлбөгөн учурда автоматтуу түрдөө жөнөтүлүүчү Кабарламаларды алалбай калышын түшүнөт жана буга макулдугун билдирет.
2.5. Сатып алуучу буйрутманы берүү үчүн Сайттын Купуялык саясатына макулдугун билдирет.
3. Буйрутманы кабыл алуу жана иштетүү
3.1. Буйрутма кабыл алынгандыгы (келгендиги) тууралуу кабарлама электрондук бүтүм тууралуу жазуу катары эсептелет.
3.2. Буйрутманы иштетүү Сайтта көрсөтүлгөн иш режимине ылайык жүргүзүлөт.
3.3. Сайттагы техникалык мүчүлүштүктөр үчүн баасы өз наркынан айкын бир нече эсе аз товарга буйрутма берилген учурда, Сатуучу бул тууралуу Сатып алуучуга маалымдап, ал буйрутманы жокко чыгарууга укуктуу.
4. Жеткирүү
4.1. Сатып алынган товарга менчик укугу ал товар Сатып алуучуга иш жүзүндө өткөрүлүп берилген учурда өтөт.
4.2. Товарды жеткирүү Сатуучу тарабынан тартылган үчүнчү жак аркылуу ишке ашырылат.
4.3. Жеткирүү акысы жана жеткирүү мөөнөтү буйрутманы тариздөө учурунда көрсөтүлөт.
4.4. Сатып алуучу жеткирүү учурунда байланышта болууга жана ташуучунун же Сатуучунун телефондук чалуусуна жооп берүүгө, жеткирүү дарегинде товарды кабыл алууга даяр болууга милдеттүү.
4.5. Сатып алуучунун күнөөсү (байланышка чыкпоо, жеткирүү дарегинде жок болуу ж.б.) боюнча товар Сатып алуучуга өткөрүлүп берилбесе, Сатуучунун жеткирүү боюнча милдеттенмеси аткарылды деп эсептелет. Мындай учурда:
– товардын кокустан бузулуу же кокустан жок болуу тобокелдиги Сатып алуучуга өтөт;
– Сатуучу Сатып алуучуга товар үчүн кайтарылган төлөмдөн Сатуучуга товарды кайтаруудан келип чыккан чыгымдарды кармап калууга укуктуу.
4.6. Сатып алуучу товарды алган учурда анын сырткы таңгагынын бүтүндүгүн, санын жана комплектациясын ташуучунун көзүнчө текшерүүгө милдеттүү. Товар өткөрүлүп берилгенден кийин, сырткы таңгактын бузулушуна, товардын санына жана комплектациясына байланыштуу дооматтар кабыл алынбайт.
4.7. Сатып алуучу товарды ташуучудан кабыл алып жаткан учурда таңгактын же товардын бузулганын аныктаса, ал товарды кабыл алуудан баш тартып, бул тууралуу дароо Сатуучуга билдирүүгө милдеттүү. Мындай учурда Сатуучу товардын абалын текшергенден кийин Сатып алуучу менен макулдашуу боюнча тийиштүү чечим кабыл алат.
5. Кайтаруу жана алмаштыруу
5.1. Ушул Офертада жөнгө салынбаган товарды кайтаруу жана алмаштыруу маселелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилет.
5.2. Тийиштүү сапаттагы товарды кайтарып берүүдө Сатуучу Сатып алуучуга кайтарылган төлөмдөн Сатуучуга товарды кайтаруудан келип чыккан чыгымдарды кармап калууга укуктуу.
6. Корутунду жоболор
6.1. Сатуучу алдын ала эскертүүсүз Офертанын шарттарына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу. Мындай өзгөртүүлөр Сайтта жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
6.2. Ушул Офертанын түп нускасы кыргыз тилинде түзүлгөн. Анын котормолору маалыматтык мүнөзгө гана ээ жана юридикалык күчү жок.
6.3. Сатып алуучу ал берген доо арыздын тилине карабастан соттук өндүрүш кыргыз тилинде жүргүзүлөрүнө макулдугун билдирет.
6.4. Сатып алуучу сотко чейинки тартипте чечилбеген бардык талаш-тартыштар Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда караларына макулдугун билдирет.
7. Сатуучунун реквизиттери
Жеке ишкер: Коёналиев Айбек Жоошбекович
Каттоо номери: 005-2026-169-432
ИСН: 23009200000629
ИУЖК: 34897906
Электрондук почта: b@bosogo.kg